«Өлсөм да, эч кимге бербейм». Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү ага кат жазган

«Өлсөм да, эч кимге бербейм». Аселдин мурду-кулагын кескен мурдагы күйөөсү ага кат жазган

Асел Ногойбаеванын мурдун жана кулагын кесип салган мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов тергөө абагында отуруп, ага телефон аркылуу жазып келген. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди.

Диана Елькендин айтымында, жакында эле Асел Ногойбаеванын агасы тергөөчүдөн карындашынын телефонун алган. Телефонду күйгүзгөндө Аазамат Эстебесов тергөө абагында отуруп, Асел Ногойбаевага СМС жазгандарын көргөн.

Диана Елькен УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратурага кайрылып, аталган маселеге көңүл бурушун суранган.

«Кандай сүйгөнүм? Мен Азамат. Сен меникисиң. Ак никедеги аялымды менден эч ким ала албайт. Биз биргебиз. Балдарыбыз менен жыргап жашайбыз. Мен намаз окуп жатып, «красавчик» болуп калдым. Мени менен ээрчишип жүргөнүңө сыкмыктанасың. Кааласаң сүрөтүмдү жөнөтөм. Балдарыбыз үчүн сен экөөбүз эле күйөбүз.

Бир эркек менен ооруасың, таарынтам. Мен сени катуу сүйөм. Өлсөм да, сени эч кимге бербейм. Биз жерде да, асманда бир болобуз. Оюм сенде, билсең деймин. Сени эч качан унутпайм. Абакка кесилген мөөнөт түбөлүк эмес. Мени бүгүн жалгыз камерадан, жалпы камерага которду. Ал жакта телефон бар экен», — деп жазган тергөө абагында отурган Азамат Эстебесов.

Эскерте кетсек, быйыл 20-сентябрда Селекцияда эркек киши мурдагы аялын (Асел Ногоайбаеваны) сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Шектүү катары 39 жаштагы Азамат Эстебесов аттуу жаран кармалган.

Кийинчерээк аталган жаран мурдагы аялын (Асел Ногоайбаеваны) зордуктаганы үчүн Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилгени, ошол эле учурда сот ага пробация колдонуп, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуп жибергени белгилүү болгон. Жабыркаган аял райондук соттун чечими менен макул болбой, Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

27-сентябрда облустук сот зордуктоо боюнча ишти карап, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыраткан. Белгилей кетсек, зордуктоо быйыл 31-январда сентябрдагы каргашалуу окуяга чейин болгон.

Жакында эле сентябрдагы каргашалуу окуя боюнча тергөө иштери аяктаганы белгилүү болду.

Мурдагы аялынын кулак-мурдун кесип салган адамдын иши тергелип бүттү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>