Сабак учурунда окуучулардын уюлдук телефондорду колдонуусуна тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка ылайык, окуучулар уюлдук байланыш каражаттарын төмөнкү шартта гана колдоно алат:
- Маалыматтык компетенттүүлүктү калыптандыруу үчүн окуу предмети боюнча маалымат издөөдө;
- Окуу процессинде онлайн тесттерди түзүүдө жана колдонууда;
- Окуу видеосун көрүүдө же аудио жазууларды колдонууда;
- Маалымат издөө үчүн QR-коддорду окууда;
- Электрондук күндөлүктү колдонууда;
- Атайын шаймандар жана техника менен жабдылган атайын багыттагы класстарда (информатика кабинеттери, smart-класстар) смартфондорду колдонууга болот.
Мындай зырылчылык болбогон учурда телефондорду колдонууга тыюу салынат. Окуучуларга мектепке кирердин алдында телефонду «үнсүз режимге» коюу сунушталат. Министрлик балдардын ден соолугун сактоо жана билимдин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунуштап жатканын билдирген.
Мектептерде телефон колдонууга тыюу салуу демилгеси буга чейин дагы көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектептерде телефон колдонууга тыюу салууну сунуштап, бул үчүн өзүнчө шкафтар жасалышы керектигин айтып чыккан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда