Эл аралык кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды — видео

Эл аралык кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды — видео

31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды.

Калыстар тобунун чечими менен баш байгеге кыргыз акыны Жеңишбек Жумакадыр жана казак акыны Айтбай Жумагулов ээ болду.  Алар 350 миң сом сыйлык менен сыйланышты.

Ал эми 1-орун казак акыны Данияр Алдаберген менен кыргыз акыны Баян Акматовго берилди. Аларга 200 миң сом тапшырылды.

2-орунду казак акыны Аспанбек Шугатаев менен кыргыз акыны Мамбет Токто Орозо ээледи. Алар 100 миң сом сыйлык менен сыйланшты.

3-орунду казак акыны Алтынбек Ибрагимов жана кыргыз акыны Асылбек Маратов багындырды, алар 100 миң сом менен сыйланышты.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана “Айтыш” коомдук фонду уюштурду.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>