Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөштө утулуп калды.
Ал эркин күрөш боюнча мелдешке 125 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Лазарев 1/8 финалда ирандык спортчуга утулуп, бирок коло медаль үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк алган.
Коло байге үчүн күрөштө Рио Олимпиадасынын чемпиону түркиялык Таха Акгүлгө 0:7 эсебинде жеңилип калды.
Айаал Лазарев Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеп, спорттук карьерасын жыйынтыктады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз