Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Олимпиада: Акжол Махмудов коло байге үчүн азербайжандык балбан менен күрөшөт
07.08.2024 | 15:25
Грек-рим балбаны Акжол Махмудов (77 кг) Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт.
Махмудов кечээ, 6-августта таймашка чыгып, 1/8 финалдагы биринчи кармашында америкалык Камал Бейди 4:1 эсебинде уткан. Бирок чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге 1:3 эсебинде женилген.
Аны уткан Демеу Жадраев финалга өткөндүктөн, Махмудов көңүл жубатуучу беттешке чыгып коло үчүн ат салышууга мүмкүндүк алган.
Бүгүн, 7-августта Махмудов көңүл жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Куэро Муноз менен беттешке чыгып, аны 9:0 эсебинде утту. Ошентип ал үчүнчү орун үчүн күрөшө турган болду.
Эми коло байге үчүн азербайжандык Санан Сулайманов менен күрөшөт.
Финалдык беттештер саат 23:30да башталат.