Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Олимпиада: Амантур Исмаилов чейрек финалда жеңилди
07.08.2024 | 17:31
Грек-рим балбаны Амантур Исмаилов Олимпиада оюндарынын чейрек финалында женилүү ызасын тартты.
67 кг салмакта күрөшкөн Исмаилов бүгүн, 7-августта килемге чыкты.
Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде грузиялык Рамаз Зоидзе менен кез келген. Исмаилов атаандашын 12:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыккан.
Чейрек финалда ал украиналык Парвиз Насибов менен күрөштү. Беттештин биринчи бөлүгүндө Исмаилов 6:2 эсебинде алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө атаандашына улам упай алдырып отуруп, украиналык спортчу 6:7 эсебинде алдыга озуп кетти. Амантур Исмаилов упай алууга аракет кылганы менен андан майнап чыккан жок. Ошону менен ал жеңилүү ызасын тартып калды.