Кыргызстандыктарга электр жабдууларын колдонуу көлөмүн азайтуу сунушталуудаАстанада билим жана илим боюнча эл аралык форум өтүп, ага Токаев катыштыЫсык-Көлдө «Радуга» пансионатынын коттедждери күйүп жатат«Кыргызкомур» тогуз айдын жыйынтыгы менен туруктуу өсүштү көрсөттүАвтоблогер Настя Туман: Дагестанды кыргыз номурлуу Changan автоунаалары каптадыБишкекте бөйрөк көчүрүүдө биринчи жолу иммунологиялык тест колдонулду
Олимпиада: Боксчу Сейитбек уулу лицензиялык мелдештин чейрек финалына чыкты
30.05.2024 | 14:45
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча Олимпиадага жолдомо ойнотулган дүйнөлүк лицензиялык мелдештин чейрек финалына чыкты.
Сейитбек уулу 57 кг салмакта күч сынашууда.
1/8 финалда ал уругвайлык Лукас Гарсияны жеңди. Эми чейрек финалда азербайжандык Шамил Аскеров менен кез келет. Беттеш 31-майда өтөт.
Белгилей кетсек, аталган мелдеште 57 кг салмакта үч спортчу гана Олимпиада оюндарына лицензия ала алат. Эки жолдомо финалга чыккан мушкерлерге берилет жана жарым финалда жеңилген эки спортчу үчүнчү лицензия үчүн беттеш өткөрөт.