Олимпиада: Бүгүн Махмудов күрөшөт, атаандашы ким?

Олимпиада: Бүгүн Махмудов күрөшөт, атаандашы ким?

Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов таймашка чыгат.

Махмудов 77 кг салмакта күрөшөт. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде америкалык Камал Бей менен күч сынаша турган болду. Беттештер саат 15:00до башталат.

Камал Бей — Акжол Махмудовдун эски атаандаштарынын бири. Буга чейин алар жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында эки жолу күрөшкөн. Биринчи беттеш 2017-жылы финалда болуп, анда Акжол Махмудов 11:16 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган. Алтын үчүн беттешке чыгып жатканда Махмудовдун кабыргасында жаракаты болгон. Ал жаракатты жарым финалда алып калган.

Экинчи беттеш да жаш уландар арасындагы дүйнө чемпионатында 2018-жылы болуп, бул жолу спортчулар коло үчүн күч сынашкан. Анда Махмудов Камал Бейди 8:1 эсебинде жеңген.

Эми Париждеги Олимпиадада балбандар үчүнчү ирет кез келет.

Акжол Махмудов — Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2020-жыл), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022,2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2018-жыл), Азиянын үч жолку чемиону (2018, 2022, 2023-жыл), бир жолу күмүш уткан (2024-жыл).

Ал эми Камал Бей — Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл), Пан-Америка чемпионатынын жеңүүчүсү, күмүш жана коло байге ээси (2023, 2019, 2024-жыл).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>