Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады«Мадина» базарынын айрым жерлеринде өрттү өчүрүү иштери улануудаБишкек мэри «Мадина» базарындагы өрттөн кийин соодагерлер менен жолукту«Мадина» базарындагы өрткө дрондордун жардамы менен мониторинг жүргүзүлүүдө
Улуттук банктын мурдагы төрагасы элчи болуп дайындалды
06.08.2024 | 09:20
Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп келген. Аталган кызматка 2021-жылы сентябрда дайындалып, быйыл июль айында кызматтан кетти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом