«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынатДастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы – бул мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилет
Он беш жаштагы Нагия Имашова изделүүдө
22.02.2022 | 13:39
Дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Нагия Имашова изделүүдө. Ал 21-февраль күнү саат 16:00дө Сокулук айылындагы мектептен чыгып, Арал айылына үйүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Дайынсыз жоголгон адамдын белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң. Ал сүт түстөгү күрмө, кара көйнөк шым, кызыл джемпер, ак көйнөк, бутунда кара кышкы өтүк кийип жүргөн», – деп айтылат билдирүүдө.
Изделип жаткан кыз тууралуу билгендер болсо милиция төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: Чүй облусунун ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө – 0312430127 жана 0312438885, Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө – 0312607567, 0558861486, издөө тобу – 0709353529.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом