Тогуз-Тородо жолчулар жашаган башпанеек кар көчкүдөн көрүндү (ВИДЕО)

Тогуз-Тородо жолчулар жашаган башпанеек кар көчкүдөн көрүндү (ВИДЕО)

Жалал-Абад милициясы Тогуз-Торо аймагындагы түшкөн кар көчкү жолчулардын башпанееги тартылган видеону таратты. Ошондой эле Жалал-Абад милициясы кар көчкү түшкөн аймакка чейин тоннелдин түштүк тарабына пост уюштурулуп, 10 милиция кызматкери нөөмөт менен кызмат өтөп жатканын кабарлашты.

Маалыматка караганда, пост аркылуу атайын техникалар, куткаруучулар жана ыктыярдуу элдик кошуундан бөтөн адамдардын тоннель тарапка өтүүсүнө бөгөт коюлган. Кар көчкү түшкөн аймакка өтүүнү каалаган жарандарга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле милиция кызматкерлери жол куруп жаткан кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылып жатат.
 

Азыркы учурда кар көчкү астында калган жарандарды издөө иштери улантылууда.

2022-жылдын 14-февралында Балыкчы-Жалал-Абад автоунаа жолунун 334 жана 340-чакырымдарына чоң көлөмдөгү кар көчкү түшүп, жол куруп жаткан ишканага тиешелүү жол тазалоочу техникаларды айдоочулары менен кошо басып калган. Азыркы учурда кар көчкүнүн астында калган 44, 43, 35 жаштагы 3 кытай жана 24 жаштагы 1 кыргыз жаранын издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>