Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
Он добушканада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
11.04.2021 | 09:49
Он добушканада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Ал кечээ, 10-апрелде жүргүзүлгөн көчмө добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгону тууралуу арыздар түшүп, текшерүүнүн натыйжасында 10 добушканада шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын айтты. Алардын алтоо Бишкекте болсо, төртөө Ошто.
“Бүгүн, мындай мыйзам бузуулар каттала элек, эгер фактылар аныкталса, анда добушканаларда добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылат”, – деди Шайназаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат