Оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө лицензия берилбейт

Рулу оң тарабында жайгашкан автоунааларга такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия берилбейт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) билдирди.
Башкармалык «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдын негизинде 2020-жылдан бери эле мындай унааларга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү коммерциялык негизде ташууга тыюу салынганын билдирди. Эми аларга лицензия да берилбейт. Бул чечим коопсуздукту камсыздоо жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган.
Такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды милдеттүү түрдө лицензиялоо чарасы 2025-жылдын 22-августтан тарта күчүнө кирген. 1-декабрдан тарта лицензия албагандарга мындай кызмат көрсөтүүгө тыюу салынган.
Ал эми быйылкы жылдын 1-февралынан тарта такси кызматтарынын лицензияларына текшерүү жүргүзүлө баштаары айтылган. Лицензия албагандарга карата айып пул 7 500 сомдон 23 000 сомго чейин белгиленген.
ЖКККББ акыркы он жыл ичинде оң рулдуу унаалардын катышуусунда 21 миң 159 жол кырсыгы катталганын билдирди. Анын кесепетинен 34 мин 656 жаран жаракат алып, 2 миң 366 жаран каза болгон. Бул кырсыктардын 60%ы оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен болгон.