Ош облусунун Ош-Алай трассасынын 5-чакырымында «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Тинтүү жүргүзүү учурунда унаанын багажынан баңгизат салынган баштык табылган. Анда ооган гашишинин (чарс) жалпы салмагы 2 килограммдан ашуун болгон.
Кармалган А.И., Т.В. (мурда соттолгондор) жана К.Н. аттуу жарандар Ош шаарынын №5 тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.