Орозалиев: Бишкекте тамактануу чөйрөсүндөгү ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазы берилди

Орозалиев: Бишкекте тамактануу чөйрөсүндөгү ишкерлерге 2700 өткөрмө кагазы берилди

Комендатура коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2 миң 700 өткөрмө кагазын берди. Бул тууралуу онлайн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

“Алар Бишкек шаарында азык-түлүк жана тамак-аштарды жеткирүү менен алектенишине бул жетиштүү. Азыр, албетте, калаанын чет жакасында айрым көйгөйлөр бар, биз бул маселелерди чечип жатабыз”, — деди Орозалиев.

Белгилей кетсек, борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден бери коменданттык сааттын убактысын 1 миң 76 адам бузган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>