Жогорку Кеңеште депутаттардын сүйлөөлөрүн спикер менен макулдашуу талабы киргизилдиРуслан Суйналиев финансы министри болуп дайындалды. Президент кол койдуКыргызстан дүйнөгө баратат: заманбап тейлөө жаратуу менен өзгөчөлүктү кантип сактап калуу керек?Кытайга биринчи жолу Кыргызстандын жүгөрүсү экспорттолдуБакыт Төрөбаев КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болдуОш шаарында 26 жаштагы эне төрт эм төрөдү
Орозо-битирди MegaPay тиркемесинде онлайн төлөңүз
13.04.2022 | 16:11
MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору эскертет: MegaPay тиркемеси аркылуу ар бир абонент өзү каалаган суммада орозо-битир, зекет берип жана жетим балдар үчүн кайрымдуулук жасай алышат.
Бардык мусулмандарга берүүгө сунушталган орозо-битирден топтолгон каражат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине түшөт.
Орозо-битирди кантип төлөсө болот?
- App Store же Google Play’ден MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо керек;
- андан кийин «Төлөм» бөлүмүнө кирип ал жактан «Кайрымдуулук» баракчасына өтөсүз;
- «Орозо-битир», «Зекет» же «Жетим балдарга» баракчасын тандаңыз;
- «Реквизиттер» катарына телефон номериңизди жана кайрымдуулуктун суммасын жазыңыз.
Ошондой эле Орозо-битирди MegaPay аркылуу «QR-төлөм» бөлүмүндөгү QR-кодду сканерлеп жана сумманы көрсөтүп которсо да болот.
Садага-битирди MegaPay мобилдик тиркемесинде төлөп кайрымдуулук иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом