Жайыл прокуратурасы 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Жайыл прокуратурасы 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды

2021-жылы социалдык объектилерди кайтаруу боюнча Жайыл районунун прокуратурасынын ишинин жыйынтыгы чыкты. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жыл ичинде Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталып, жыйынтыгында ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтеттүү жөнүндө талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен 2 190 000 сомду түзгөн мүлк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылган.

Тактап айтканда, Кара-Балта шаарынын башкармалыгы тарабынан 2011-жылдын 22-апрелинде 86 сандуу токтому менен Кара-Балта шаарынын Т.Кожомбердиев көчөсүнүн 67-дарегинде жайгашкан Жайыл районунун аймактык оорууканасына караштуу стерилдөө имараты Р.А. аттуу жаранга 2013-жылдын 31-декабрына чейин кийинки сатып алуу шарты менен ижарага берилген, андан кийин 2011-жылдын 15-июлунда Кара-Балта шаарынын башкармалыгы 175 сандуу токтому менен жогоруда көрсөтүлгөн 86 сандуу токтомду жокко чыгарып аталган имаратты Р.А. аттуу жарандын жеке менчигине өткөрүп берген.

Райондук прокуратура тарабынан аталган токтомдорду жокко чыгаруу жана муниципалдык менчикке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан Чүй областынын райондор аралык сотуна доо арыз келтирилген.

Чүй областынын райондор аралык соту прокуратура тарабынан келтирилген доо арыз толугу менен канааттандырылган.
Андан соң, Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен жогорудагы Чүй областынын райондор аралык соттун чечими өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.

Ал эми, Жогорку сотунун токтомуна ылайык, Чүй облусунун райондор аралык сотунун чечими жана Чүй областык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы өзгөртүүсүз күчүндө калтырылган.

2021-жылдын 25-мартында жогоруда аталган имарат «Центр оценки «Славянский Восток» ЖЧКнын корутундусу менен 2 190 000 сомго бааланып, райондук прокуратура тарабынан Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө чечнемдик укуктук актыларынын бузулушун четтеттүү жөнүндө талап прокурордук актысы келтирлип, баланстык баасы 2 190 000 сомду түзгөн Жайыл районунун аймактык ооруу мекемесине караштуу стерилдөө имараты толугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кара-Балта шаарынын мэриясынын менчигине толугу менен кайтарылган.
Аталган багытта тийиштүү иш чаралар уюштурулууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>