Орусия кыргыз жарандарын киргизбей жатабы? ТИМдин жообу

Орусия кыргыз жарандарын киргизбей жатабы? ТИМдин жообу

Тышкы иштер министрлиги Орусиянын кыргыз жарандарын өлкөгө массалык түрдө киргизбей жатканы тууралуу маалыматты ырастаган жок. Бул боюнча мекеме атайын билдирүү таратты.

Маалыматта Кыргызстандын  дипломатиялык өкүлчүлүгүнө жана консулдук мекемелерине мындай белги келип түшкөн эместиги айтылат.

Анткен менен Тышкы иштер министрлиги азырынча Орусияга барбай турууга чакырат.

«Мекендештерге мурда киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн көзөмөл режими токтотулганга чейин Орусияга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайбыз», — дейт министрлик.

Акыркы айда Тажикстандын миңдеген жарандары Орусияга кире албай, учак менен баргандары кайра депортация болуп жатканын кабарланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>