Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Орусия: Сахалинде эне-бала 4-кабаттан секирди (видео)
26.08.2022 | 20:39
Орусиянын Сахалин шаарында эне-бала өрттөнүп жаткан көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан секиргенге мажбур болушту. Экөө тең тирүү калышты. Бул тууралуу AmurMash Телеграм каналына видеосу жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, Сахалинде үйдөн өрт чыгып, түтүн каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин окуянын күбөлөрү жашоочуларга сыртка чыгууга жардам беришип, ылдыйдан жууркан тосуп турушту. Ага секирген эне-бала аман калышты. Бала ылдый түшүп бара жатып терезени сүзүп алган, бактыга жараша аман калды. Алар ооруканага жаткырылды.
Калган 12 адамды куткаруучулар имараттан алып чыгышкан. Өрт өчүрүлгөн. Жалпы 10 чарчы метр күйгөн.
Телеграм каналыбызга катталып, башка жаңылыктарды тап
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар