Саламаттык сактоо министрлигине 73 жаңы тез жардам унаасы тапшырылды«Бардык жактан эркиндик». Курьер кыймылдагы жашоо тууралууЭми музыкалык мектептердин директорлору ачык сынак аркылуу дайындалатКР макулатураны сыртка ташып чыгууга чектөөлөрдү дагы жарым жылга узартууну көздөшүүдөУлуттук банк «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгардыУКМК: Жалал-Абадда дары-дармектер аткезчилик менен ташылып келип, сатылып жаткан
Орусия: Сахалинде эне-бала 4-кабаттан секирди (видео)
26.08.2022 | 20:39
Орусиянын Сахалин шаарында эне-бала өрттөнүп жаткан көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан секиргенге мажбур болушту. Экөө тең тирүү калышты. Бул тууралуу AmurMash Телеграм каналына видеосу жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, Сахалинде үйдөн өрт чыгып, түтүн каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин окуянын күбөлөрү жашоочуларга сыртка чыгууга жардам беришип, ылдыйдан жууркан тосуп турушту. Ага секирген эне-бала аман калышты. Бала ылдый түшүп бара жатып терезени сүзүп алган, бактыга жараша аман калды. Алар ооруканага жаткырылды.
Калган 12 адамды куткаруучулар имараттан алып чыгышкан. Өрт өчүрүлгөн. Жалпы 10 чарчы метр күйгөн.
Телеграм каналыбызга катталып, башка жаңылыктарды тап
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар