Караколдо көп жолу соттолгон чөнтөкчү колго түштү

Караколдо көп жолу соттолгон чөнтөкчү колго түштү

Каракол шаарында уурулук менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бир айдан ашык убакыт мурда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун (аял киши) мүлкүн уурдоо фактысы боюнча кайрылган. Жабырлануучу аял Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базарынан уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.  Бул факты шаардык милиция бөлүмүнө катталып, топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгон.

Туристтик сезондун ортосунда милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлдү. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мүлктүк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталды.

Кармалган жаран 1982-жылы туулган С.Т. Тоң районунун тургуну, чөнтөк уурулук менен алектенет. Аталган жаран мурда уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон. Учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тэги: чөнтөкчү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>