Орусияда коронавирус менен күрөшө алчу үч дары чыгарылды

Орусияда коронавирус менен күрөшө алчу үч дары чыгарылды

Орусияда коронавирус пайда кылган инфекция менен күрөшө алчу үч дары чыгарылды. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын кызматкери, академик Владимир Чехонин билдиргенин “sputnik.kg” жазды.

Окумуштуунун айтымында, академия бир нече жыл мурда триазавирин каражатын ойлоп тапкан, учурда ага кытайлык илимпоздор кызыгып жатат.

«Азыр анын ингаляция жолу менен дарылоочу формасын чыгардык, респиратордук вирустук инфекцияны жок кылууга пайдаланса болот. COVID-19 вирусун дарылоого мүмкүнчүлүгү бар. Эми препаратты лабораториялык сыноодон өткөрүү керек», — деди Чехонин.

Ошондой эле Органикалык синтез институту Москвадагы Органикалык химия институту менен биргеликте Орусиянын фармацевтикалык өндүрүшүнүн бардык талаптарына жооп берген, вируска каршы фавипиравир дарысын иштеп чыгышты. Бул каражат дагы сыноого даяр.

Фортепрен аттуу үчүнчү каражат Гамалея атындагы улуттук эпидемиология жана микробиология институтунда даярдалган.

«Фортепрен тууралуу айтсак, ал кишилерге дагы сыналды. Азыр каттоодон өтүп жатат. Андан соң каражатты биз сөз кылып жаткан COVID-19 вирусу менен кандай күрөшө аларын сынап көрсө болот», — деди илимпоз.

Чехониндин айтымында, бул үчөө тең Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигин кызыктырып, жаңы вирус менен күрөшүүдө артыкчылыктуу каражат катары каралууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>