Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Орусиядан ташылып келе жаткан 16 тонна сүт азыктары өлкөгө киргизилген жок
14.04.2025 | 11:28
Орусиядан ташылып келе жаткан 16 миң 536 литр сүт азыктары өлкөгө киргизилбей, кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Чүй облусундагы “Ак-Тилек” көзөмөл пунктунун инспекторлору жогоруда аталган сүт азыктарына текшерүү жүргүзүп, товарда ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулганы аныкташкан.
Жыйынтыгында сүт азыктары Орусияга кайра кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика