Орусиянын банктары менен иштөөгө тыюу салынып жатабы? Улуттук банктын жообу

Орусиянын банктары менен иштөөгө тыюу салынып жатабы? Улуттук банктын жообу

Бүгүн бир катар коммерциялык банктар Орусиянын айрым финансалык мекемелери аркылуу акча которуу жана жөнөтүү токтотулганын кабарлады.

Ал арада «Тазабек» порталы Улуттук банк Батыш санкция салган орус банктары менен иштөөгө тыюу салганын жазды.

Улуттук банктын «Репортерго» билдирүүсүндө, коммерциялык банктар тарабынан эл аралык санкциялардын терс кесепеттерин алдын алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

«Экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында кардарларга жана контрагенттерге көзөмөлдү күчөтүү, кардарлардын санкциялык тизмеде жок экендигине тыкыр текшерүү боюнча чаралар көрүлүүдө», — дейт банк.

Белгилей кетсек, Батыш Орусиянын 94 банкына санкция салган.

Mbank Орусиядан акча которууну токтотту

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>