Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
“Тулпар” картасы менен Өзбекстанда коомдук транспортко жол кире төлөөгө болот
21.08.2024 | 09:10
“Тулпар” картасы менен Өзбекстанда коомдук транспортко жол кире төлөөгө болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ордо калаа Өзбекстан менен келишимге кол койду. Маалыматка караганда, кыргыз жарандары “Тулпар” менен Өзбекстандын бардык шаарларында акы төлөй алышат. Ал эми кошуна өлкөнүн АТТО картасы Бишкекте гана колдонулат.
“Бул кызматташтык транспорттук системалардын интеграциясын тездетүү менен чектелбестен, саякаттоо бардыгы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат. Техникалык адистер эки системаны интеграциялоого даярдык баштады”, – дейт мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом