Токмоктогу каргаша. Балдардын укуктары боюнча өкүл комментарий бердиДары аткезчилиги: Бишкекте мыйзамсыз кампа табылып, 10 дарыкананын иши токтотулдуЖаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарды суу капташы күтүлүүдөАйпери Медет кызы бүгүн Хорватиядагы дүйнө чемпионатында килемге чыгатӨзү сырдап: Муниципалдык инспекциянын башчысы Бишкектеги граффити менен күрөшүүдөЖК төрагасы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту
Ош-Баткен жолунда “Audi 100” оодарылып кетип 2 адам каза тапты
11.09.2020 | 09:26
Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда “Audi 100” үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-сентябрь күнү саат 06:30да Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 11-чакырымында (Баткен району, Жаңы-Жер айылы) “Audi 100” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен унаада бара жаткан 27 жана 15 жаштагы бала жаракат алып, 53 жана 46 жаштагы эки киши каза тапкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар