Кытайда коронавирустук мурунга чачыратуучу вакцинаны сыноо башталды

Кытайда коронавирустук мурунга чачыратуучу вакцинаны сыноо башталды

Кытайдын Мамлекеттик тамак-аш жана дары-дармек башкармалыгы жаңы коронавируска каршы иштелип чыккан мурунга чачыратуучу вакцинанын клиникалык сыноолорун жактырды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Синьхуага шилтеме берүү менен билдирди.

Вакцина Гонконг университетинин Инфекция лабораториясы тарабынан Сямэн Университети жана фармацевтикалык компания Пекин Вантай биологиялык дарыкана компаниясы менен биргеликте иштелип чыккан.

Бул Кытайда адамдар катышкан клиникалык изилдөөлөр үчүн жактырылган коронавирустук мурунга чачыратуучу биринчи вакцина экени белгиленди.

Өткөн жумада Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин брифингде Кытайдын фармацевтикалык компаниялары клиникалык сыноолорго туш болгон тогуз коронавирустук вакциналарды иштеп чыгышкандыгын жана жакында бардык өлкөлөргө жеткиликтүү болорун жарыялады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>