Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатКыргызстандык ишканаларга Кытайга тоңдурулган жемиштерди экспорттоо үчүн каттоо мүмкүнчүлүгү берилдиБишкекте Жибек Жолу проспектисиндеги көпүрө ачылдыЧерногориянын вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келетКыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады
Ош: Дайынсыз жоголгон 9 жашар баланын сөөгү тоодон табылды
18.03.2022 | 09:43
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айыл аймагынын Буга айылынын 9 жашар Ш.М. аттуу жашоочусу 16-мартта үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, 17-мартта дайынсыз жоголгон 9 жашар баланы издөө үчүн Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 65 адам тартылды.
Куткаруучулар тарабынан Чалма айыл аймагында жайгашкан Шиштей-Дөн тоосунун боорунан жогоруда аталган баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар