Ош: Кара-Суу шаарында массалык мушташ чыкты

Ош: Кара-Суу шаарында массалык мушташ чыкты

Бүгүн, 12-декабрында болжол менен саат 12:55 чамасында КР ИИМнин Ыкчам чара көрүү борборунун видеокөзөмөл камералары тарабынан жол кырсыгынан улам чыккан айдоочулардын мушташы аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, ошол замат КР ИИМдин Ыкчам чара көрүү борборунун кызматкерлери бул маалыматты аймактык ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен.

Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу дароо барышып, окуя болгон жерге барганда, Кара-Суу шаарында жайгашкан Оомат базарынын жанында жол кырсыгынын кесепетинен айдоочулардын ортосунда чыр чыгып, мушташка айланганы тууралуу алгачкы маалыматтар алынган. Андан соң милиция кызматкерлери айдоочулардын ортосундагы мушташуунун алдын алышкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>