Жапырт камоолор: Жети адамдын бөгөт чарасы узартылды

Жапырт камоолор: Жети адамдын бөгөт чарасы узартылды

Бүгүн, 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жети адамдын бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук соттун чечими менен Илгиз Шаменов, Айданбек Акматов, Чыңгыз Капаров, Али Шабдан, Айбек Бузурманкулов жана Акыл Айтбаевдин камактагы мөөнөтү узартылган. Алар №1 тергөө абагында 20-февралга чейин камакта болот.

Ошондой эле, ачкачылык кармап, ден соолугуна байланыштуу камактан чыгарылган Нурлан Асанбековдун үй камактагы мөөнөтү 20-февралга чейин узартылган.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Жапырт камоолор: Камакта калтырган сот чечими — тизме

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>