Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган беш тасма

Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган беш тасма

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-декабрда 94 жашка чыкмак. Ч.Айтматовдун китептери 170тен ашык тилге которулуп, 128 өлкөдө басылып чыккан. Reporter.kg Айтматовдун тасмага тартылган эң атактуу беш чыгармасы тууралуу айтып берет.

— «Биринчи мугалим», 1965-жыл

«Биринчи мугалим» — Андрей Кончаловскийдин тасмасы, ал Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде Борис Добродеевдин сценарийин алган. Тасма тобу айылдарда билим берүү системасын орнотуу аракетин жакшы көрсөткөн.

— «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт», 1990-жыл

Карен Геворкян Чыңгыз Айтматовдун бул повестинин негизинде тасма тарткан. Бул чыгарманы тасмага тартуу режиссёр үчүн оңой болгон эмес, анткени Айтматовдун повести жарыкка чыккандан кийин 15 жыл бою аны тасмага “жандандырууга” эч ким батынган эмес. Карен Геворкяндын бул тасмасы бир нече эл аралык сыйлыктарга татыган. Ошондой эле Сан-Ремо жана Валенсиенндеги кинофестивалдарда эки баш байгени алган.

— «Ак кеме», 1976-жыл

“Ак кеме” (1970) романы Чыңгыз Айтматовдун бүткүл дүйнөгө таанылган чыгармаларынын бири болуп, тасмасы Берлинде жана Венецияда өткөн эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлгөн.

— «Кош бол, Гүлсары!», 2008-жыл

«Кош бол, Гүлсары!» жазуучунун романынын негизинде тартылган. Тасма 2008-жылы V Эл аралык «Евразия» кинофестивалынын баш байгесин алган. Ушул эле жылы II Ысык-Көл кинофестивалында эң мыкты режиссёр (Ардак Амиркулов) жана эң мыкты эркектин ролу (Догдурбек Кыдыралиев) үчүн сыйлыктарды алган.

Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повести боюнча кинорежиссерлор тарабынан тартылган тасмалар⤵️

— 1961-жылы «Ашуу», режиссеру Алексей Сахаров;
— 1973-жылы «Мен — Тянь-Шань», режиссёр Ирина Поплавская;
— 1978-жылы «Кызыл жоолук», режиссёр Атиф Йылмаз,
— 2011-жылы «Кызыл жоолук», режиссёр Нисан Акман,
— 2018-жылы «Делбирим», режиссёр Сарвар Каримов.

Кыргыз киносунун алтын дооруна кирген тасмалардын көбү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от REPORTER.KG (@reporter.kyrgyz)

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>