2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Ош: Кооптуу аймактарда изилдөө иштери жүрүп жатат
07.02.2023 | 19:44
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай, Ой-Тал айылдык аймактарында кар, жер көчкү, сел жана ушул сыяктуу табигый процесстер катталуучу участкаларда изилдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, азыркы күндө кар көчкү кооптулугу бар Капчыгай айыл аймагынын Сары-Бээ, Кара-Таш айылдарында 10, Бак участкасындагы 8 турак жайда жарандар жашап келишет.
Ошондой эле Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Тамчы участкасында күндүн жылышы менен кар эрип, көчкү жүрүүсү күтүлүүдө.
Изилдөө иштерине Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ӨКМ Кыргыз гидромет кызматынан инженер гидрологу жана жергиликтүү бийликтин тиешелүү адистери катышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар