Түркиядагы зилзала: Жабыркагандар 8 эсе көп болушу мүмкүн

Түркиядагы зилзала: Жабыркагандар 8 эсе көп болушу мүмкүн

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 5 миңден ашты. Мындай маалыматты орусиялык басылмалар жазып чыкты.

Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, Түркиянын 10 провинциясында кеминде 2921 адам набыт болуп, 16 миңге жакыны жарадар болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Сириянын өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарында каза болгондордун саны 656га жетип, 1400гө жакыны жаракат алган. Козголоңчулар көзөмөлдөгөн түндүк-батышта ал жерде иштеп жаткан топтор кеминде 450 адам өлүп, жүздөгөн адамдар жарадар болгонун билдирди.

ДСУ өлгөндөрдүн жана аман калгандардын динамикасына жана кыйроонун көлөмүнө караганда, курмандыктар сегиз эсе көп болушу мүмкүн деп билдирди.

«Тилекке каршы, биз ар дайым жер титирөөлөрдөн бир эле нерсени көрүп турабыз, тактап айтканда, каза болгондордун же жарадар болгондордун саны тууралуу алгачкы маалыматтар жуманын ичинде жакынкы күндөрдө кыйла көбөйөт», — деди ДСУнун Европадагы өзгөчө кырдаалдар боюнча улук кызматкери Кэтрин Смолвуд.

Куткаруучулар тирүү калгандарды издөө үчүн урандыларды иргеп алууну улантышууда. Суук шарттарда жана кеңири аймакта, аларды табуу мүмкүнчүлүгү азайып баратат.

Буга чейин Түркиянын кыйраган Шанлыурфа шаарында урандылардын арасынан тирүү аял табылган.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,8 баллга жеткен биринчи жер титирөө болуп, бир катар провинцияларда жана коңшу өлкөлөрдө сезилди. Андан бир нече сааттан кийин күчү 7,5 баллга жеткен экинчи силкинүү болгон.

Жаралуулардын бир бөлүгү Стамбулга жеткирилип, аймакта издөө-куткаруу кызматтары, өрт өчүргүчтөр жана дарыгерлер менен бирге 3500дөй аскер кызмат өтөөдө. Аларга жардам берүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдөн жардам келүүдө.

Түркия менен Сирияда үй-жайсыз калган он миңдеген адамдар суукта түнөөгө аргасыз болушту. Көпчүлүгү соода борборлорунда же Алепподон алыс эмес жердеги монастырда баш калкалаган.

Согуш жүрүп жаткан сириялыктар үчүн жер титирөө андан да чоң кырсык болду.

Сириянын Алеппо жана Хама шаарларынан Түркиянын Диярбакырына чейинки кең аймакта миңдеген имараттар талкаланды. Ошол эле учурда урандылардын астынан жети миңден ашуун адам куткарылды.

Бийликтердин айтымында, Түркияда эле 5600дөн ашуун имарат талкаланган. Ооруканалар жабыркап, алардын бири Искендерун шаарында кулап түшкөн.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик Сириянын түндүк-батышында 224 имарат кыйрап, кеминде 325 имарат, анын ичинде гуманитардык жардам кампалары жабыркаганын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>