Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
ЕАЭБ: Азык-түлүк коопсуздугуна артыкчылык берилет
07.02.2023 | 18:46
Быйыл ЕАЭБдин ишмердүүлүгүндө азык-түлүк коопсуздугу артыкчылыктуу багыттардын бири болот. Бул тууралуу ЕАЭБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кубаттуу агро өнөр жай базасы өздөрүн керектүү айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга жана аларды олуттуу көлөмдө экспорттоого да мүмкүндүк берет.
Бир жыл мурун башталган “Евразиялык агроэкспресс” долбоору учурда натыйжалуу иштеп жатат:
- Чет өлкөдөн келген өнүмдүн жалпы көлөмү 500 миң тоннадан ашты;
- Адистештирилген муздаткыч контейнерлер орнотулду;
- Маршруттук поезддер күн сайын каттайт;
- Тышкы суроо-талап өсүүдө.
“Заманбап, тез жана туруктуу каналдар, жеткирүү чынжырлары биздин өлкөлөрдүн айыл чарба сектору үчүн олуттуу стимул жана дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу салым болуп саналат”, – деди Михаил Мишустин.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика