Ош шаардык мэриясына караштуу ар бир муниципалдык ишканалардын кызматкерлери менен шаар мэри Алмаз Мамбетов жеке жолугуп таанышып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдири.
Ар бир кызматкердин үнүн угуу менен ишканалардагы көйгөйлөр айтылып ага карап долбоор жазылат. Кызматкерлердин айлык маянасынан тарта, ишканага керектүү техникалардын жетишсиздиги сыяктуу прболеммаларды жеринен чечүү максатын койгон.
Жолугууга атайын убакыт бөлүнгөн.