Ош шаарында сары автобустар окуучуларды акысыз ташый баштады«Кызгылт октябрь»: аялдар эмчек рагы жөнүндө эмнелерди билиши керек?Кыргызстанга чет элдик инвестициялар 2025-жылы 22%га өстүАбдибаева сөздөрү атайылап бурмаланганын айтып, УКМКга кайрылганын билдирдиНарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылдыКаракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт
Ош шаары: Татар айылынын жолу оңдолууда
22.09.2021 | 17:29
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караган Тээке, Татар жана Төлөйкөн айылдарынын жолдорун оңдоо иштерине тендер жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык жолдор мекемесинен билдиришти.
Маалыматка ылайык жогоруда айтылган ар бир айылдын 1 километрдей жолдору асфальтталат.
Жолдорду асфальттоо иштери Ош шаарынын Татар айылынан башталды. Айылдагы Алиев көчөсүндөгү узундугу 612 метр, туурасы – 6 метр болгон жол асфальтталып, эки тарабы оңдолуп, ирригациялык тармактарды тартуу пландалган. Жумуштун тендердик баасы 7,5 млн сомду түзөт.
Ал эми алдыда Тээке айылынын Алибеков көчөсүнүн 1 км 450 метр аралыгын асфальттоо башталат. Ошондой эле жолдорду оңдоо Жапалак айыл аймагына караган Төлөйкөн айылында жүрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом