Ош шаарында жаңы өндүрүш зоналарын түзүү пландалууда16-март: Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, кар жаайтБШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жазды
Ош шаардык мэриясына эки жаңы жетекчи дайындалды
30.05.2022 | 16:08
Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Масуда Айдарбекова Ош шаарынын мэриясынын иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Ал эми Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы кызматына кадрдык резервден Нурлан Закиров дайындалды. Буга чейин ал шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген.
Тиешелүү буйруктарга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.