Энергетика министри Токтогул ГЭСинин кышка даярдыгы менен тааныштыБаткендиктер Садыр Жапаровго суу жана акыйкат сот маселелери боюнча даттаныштыЫсык-Көлдөн синтетикалык торлор жана таштандылар чыгарылдыПрезидент ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду12-октябрь: күндүз Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө жаан жаашы күтүлөтОш облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияланды
Ош шаардык мэриясына эки жаңы жетекчи дайындалды
30.05.2022 | 16:08
Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Масуда Айдарбекова Ош шаарынын мэриясынын иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Ал эми Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы кызматына кадрдык резервден Нурлан Закиров дайындалды. Буга чейин ал шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген.
Тиешелүү буйруктарга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.