Депутаттар коомдук тамактануучу жайларга салыкты төмөндөтүүнү сунушташты

Депутаттар коомдук тамактануучу жайларга салыкты төмөндөтүүнү сунушташты

Депутаттар Марлен Маматалиев менен Данияр Төлөнов азыркы Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 30-майдагы жыйынында депутат Маматалиев учурда коомдук тамактануучу жайлардан салык 8% өлчөмүндө алынып жатканын айтты.

«Бул тармактын өкүлдөрү салык алардын макулдугусуз көтөрүлгөнүн белгилешүүдө. Ошол эле учурда алар өз кызматтарынын баасын кымбаттатып, акыр аягында керектөөчүлөргө залакасын тийгизип, же көмүскөгө кетүүгө аргасыз болууда», — деди депутат.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунун демилгечилери Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан коомдук тамактануу жайларына салыктын ставкасын накталай түрдө 6%, накталай эмес төлөмдөрдү 4%га чейин төмөндөтүүнү сунуштап жатышат. Аймактарда салыктын ставкасын 5% жана 3% деңгээлинде бекитүүнү сунуштап жатышат.

Бир катар депутаттар бул демилгеге макул болуп, башка тармактарга да салыкты кайра карап чыгууну сунушташты.

«Салык кодекси тез эле кабыл алынган, катачылыктар кеткен, андыктан аны дагы бир жолу изилдеп чыгуу керек», — дейт Камила Талиева.

Талкуунун жыйынтыгында комитет долбоордун концепциясын жактырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>