ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Ош облусунда 1,4 гектар жерге логистикалык борбор курулат
28.06.2023 | 14:53
Ош облусунда 1,4 гектар жерге логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кезектеги жыйын өткөрүп, анда жерлерди трансформациялоо маселелери талкууланган. Министрлер кабинетинин чечими менен Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы жерлер «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай багытындагы жерлер» категориясына которулган.
“Логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө чоң пайда алып келет”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом