Аскар Акаев пенсияга чыкканда Кыргызстанга кайтууну пландап жатат

Аскар Акаев пенсияга чыкканда Кыргызстанга кайтууну пландап жатат

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаев пенсияга чыкканда Кыргызстанга кайтууну пландап жатат. Бул тууралуу ал ТАСС агенттигинин журналистине Урал мамлекеттик экономикалык университетиндеги лекциядан кийин билдирген.

Ал Кыргызстанга кайтуу тууралуу журналисттин суроосуна «пенсияга чыкканда» деп жооп берген.

«Азыр ал-күчүм барда Москва мамлекеттик университетинде иштей берем», — деген ал.

Эскерте кетсек, Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстанды башкарган. 2005-жылы 24-марттагы төңкөрүштөн кийин өлкөдөн качып, кийинчерээк кызматын тапшырган.

Арадан 16 жыл өткөңдөн кийин 2021-жылы Акаев Кыргызстанга кайтып келген. Ал Кыргызстанга «Кумтөр» кени боюнча сурак бериш үчүн келгени жана тергөө менен келишим түзгөнү кабарланган. 2021-жылдан кийин Акаев Кыргызстанга бир нече ирет келип кетти.

Быйыл жыл башында Башкы прокуратура Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иш жоопко тартуу мөөнөтү өткөндүктөн жабылганын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>