Нарында «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы өтүүдө

Нарында «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы өтүүдө

Бүгүн, 28-июнда Нарын шаарындагы As A Nomad этнокомплексинде «Кыргыз шырдагы» XIII эл аралык фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Фестивалга Япониянын, Өзбекстандын, Казакстандын элчиликтеринен, КР Маданият министрлигинен, КР Соода-өнөр-жай палатасынан, Ага Хан өнүктүрүү уюмунан жана башка эл аралык уюмдардан өкүлдөр, республикабыздын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер катышууда.

Маданий иш чара «Кыргыз шырдагынын» тарыхын камтыган видеотасма жана жети дубандан келген кол өнөрчүлөрдүн парады менен башталган.

«Фестивалдын алкагында «Кыргыз шырдак», «Мурас шырдак» кароо-сынактары, «Жаш уздарды тандоо» сынагы, «Устат-шакирт» чебер-класстары өткөрүлүүдө. Мындан сырткары улуттук тамак-аш, буюм-тайымдардын көргөзмөлөрү уюштурулуп, улуттук оюндардын үлгүлөрү, чоң программадагы майрамдык концерт көрсөтүлүүдө. Ошондой эле туристтер үчүн Салкын-Төр аймагына экскурсия уюштурулган», — деп айтылат маалыматта.

Фестивалга 70тен ашык кол өнөрчү катышып, 300дөн ашык шырдак коюлган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>