Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, буга чейин селдин айынан аталган жолдун 71-чакырымында (эки жерде) жана 82-чакырымында жол жабылган. Учурда жол бир тараптуу ачылды. Жолду кум-шагылдан тазалоо иштери уланууда.
Ошондой эле тазалоо иштери аталган жолдун 133-135-чакырымдарында (3 жерде) жүрүп жатат. Мындан мурдараак аталган үч тилке бир тараптуу жабылган.