Бишкекте жана аймактарда күн сайын өтүүчү Жаңы жылдык жарманкелер уюштурулуудаАшууларда кар жаап жатат, бирок жол ачык2025-жылы соода жана жер казынасы Кыргызстандын бюджетинин негизги донорлору болушту26-декабрга карата аба ырайыБишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылды
Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунда жер көчүп, жол жабылды (видео)
23.08.2023 | 17:35
Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер көчкү 23-августта болжол менен саат 09:00до жүргөн. Анын көлөмү 4 миң куб метрден ашкан
Тазалоо иштерин 4 атайын техника жүргүзүп жатат.
“Бирок азыркы тапта да жер көчкү акырындан жылып жатат. Толук кандуу жумуштар көчкү токтогондо жүрөт”, – деп билдирет министрлик.
Болжол менен 23-август кечки саат 18:00дор чамасында жол бир тараптуу ачылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз