Айдоочулук күбөлүк. Экзаменге кирген жаран жашыруун камера колдонгон

Айдоочулук күбөлүк. Экзаменге кирген жаран жашыруун камера колдонгон

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынакка кирген жаран жашыруун камера колдонгону үчүн кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 23-августта болгон. «Унаа» ишканасынын Чыгыш секторунун сынак классына кирген жарандан көйнөгүнүн ичине бекитилген мини-камера, кулакчын, электрондук кол саат жана уюлдук телефон табылган. Аны аталган ишкананын кызматкерлери кармаган.

Кармалган адам «ВСД» автомектебинин бүтүрүүчүсү болуп саналат.

«Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Урматтуу жарандар, жол эрежесин билүүгө сынак тапшырууда өз билимиңерге гана ишениңиз! Жол эрежелерин билбегендик сиздин жана жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч келтирет», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>