Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунда сел жүрдү – видео

25.04.2022 | 13:55

Ош облусунун Кара-Суу районунда сел сууларды тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Саат 11:10 карата жол бир тараптуу ачылып, авто унаалар өткөрүлүп жатат. Учурда жолду тазалоо иштери уланууда, иш-чарага кошумча авто грейдер тартылат.

Эскерте кетсек , 25-апрель күнү саат 09:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун болжол менен 40-44 чакырым аралыгын каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тазалоо иштерин жургүзүү максатында № ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган. Учурда каттам эки тараптуу жабык. Кошумча маалымат берилет.

Scroll to Top