Садыр Жапаров 16 гектар жер боюнча үн катты

Садыр Жапаров 16 гектар жер боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров жаңы Ак үй салып бере турган компанияга бериле турган 16 гектар туурасында “Кабар” агенттигине берген маегинде жооп берди.

Ал журналисттин “16 гектар жерди каяктан алдыңар? Ал конкреттүү кимге берилет эми?”- деген суроосуна жооп берип жатып, мамлекетке кайтарылган жерлерден бериле турганын билдирди.

“Жалпы өлкө боюнча биз кызматка келгенден бери 3106 гектар жер мамлекеттин эсебине кайтардык. Анын ичинен 2021-жылы 1124 гектар, ал эми ушул жылдын 4 айында эле 1982 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул – башкы прокуратуранын иши. Ал эми УКМК 146 гектар жер тилкесин кайтарды.

Илгертен бери ушул мамлекеттин жерлери бекер эле таратылып кеткен экен. Болгондо дагы чириген байларга бекер берилген. Биз алардын баарын мамлекеттин менчигине кайтарып жатабыз. Анан алар кантип бизди жакшы көрсүн. Жалданма иликтегич журналисттерди жалдап алышып жамандатып, элдин пикирин башка нукка бургусу келип жатышат. Биз алдыга койгон максатыбыздан тайбайбыз. Жакшы иштерди жасап, алдыга жыла беребиз. Тарых жана келечек муун биздин ишибизге өз баасын берет.

Бишкекте мурда бекер берилип кеткен көпчүлүк жерлерге кичи райондор салынып, сатылып кеткен экен. Албетте пайдасы менчик чөнтөктөргө кирип, сиңип кеткен. Ал эми курулуш курула элек жерлердин баарын мамлекеттин пайдасына кайтарып алып, ушундай пайдалуу иштерди жасап жатабыз. Ал жерлерге кичи райондорду куруп, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу 20-25 жылга элге беребиз. Мунун эмнеси жаман?”- деди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>