Ош шаарында жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп кетти — сүрөт

Ош шаарында жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп кетти — сүрөт

Ошто мэриянын автобусу өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсүндө мэрияга караштуу 13-каттамдагы жүргүнчү ташыган автобустан өрт чыккан.

Ал жерге өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 10:26да чектелип, 10:42 де толук өчүрүлгөн. Автобустун 10 чарчы метр арткы жүргүнчүлөр отуруучу жайы, жана кыймылдаткыч тарабы күйгөн.

Жабыркагандар жок, учурда материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

Тэги: автобус Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>