Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулат

17.03.2026 | 13:38

Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп куруу пландалууда. Мэр Жанарбек Акаев айыл тургундары менен жолугушуп, жаңы мектеп куруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айылдагы М. Маматалиев атындагы №60 мектеп 200 окуучуга ылайыкталган, бирок учурда анда 400дөн ашык бала билим алууда. Мектептин инфратүзүмү менен таанышкан соң, Жанарбек Акаев 500 орундуу жаңы мектеп жана спорт зал куруу боюнча долбоорду жана документтерди даярдоо тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, аталган айыл караган Кызыл-Кыштак айыл аймагы 2025-жылы административдик-аймактык реформанын негизинде Ош шаарынын карамагына өткөн.

Scroll to Top