Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мэр Бакытбек Жетигенов кол койгон буйрукка ылайык, Нурбек Кадыров Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалды.
Ал эми Азат Кубатбек уулу мэриянын аппарат жетекчиси кызматын ээледи. Ал буга чейин Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз